Бишкектин жолдору боюнча үч ири долбоордун эскиздери

Келерки жылы Бишкектин жолдорун куруу жана реконструкциялоонун кезектеги этабын баштоо пландалууда. Долбоор алдындагы иштер жана алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мекемеси Бишкек мэриясы ишке ашырууну көздөп жаткан ири жол долбоорлорунун эскиздерин көрсөттү.
1 / 3
Лев Толстой — Фучик — Садырбаев (Бах) көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү автотранспорттук жол курулуп, Фучик көчөсү узартылат. Ошондой эле Бахтын Лев Толстойдон Гагаринге чейинки бөлүгү оңдолот
2 / 3
Лев Толстой менен Жаш гвардия проспектисиндеги транспорттук түйүн проспектиден Матыев көчөсүнө чейин узартылат. Ошондой эле Чапаев көчөсүнө Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрө курулат
3 / 3
Темир жол аркылуу Сүйүнбаев жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнө Лев Толстойго чыккан жол үстүндөгү көпүрөлөрдү куруу. Кийин Кара-Дарыя көчөсүнүн Аламүдүн дарыясын жээктей кеткен бөлүгүн Лев Толстойдон Медеровго чейинки бөлүгүн узартууга мүмкүнчүлүк жаралары айтылды
Шаар бийлигинин маалымат кызматы буга чейин 2022-жылы "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасын баштоо пландалып жатканын билдирген. Бул долбоорлор тизмеге киргизилип, ишке ашырыла башташы мүмкүн.
Мэрия сунуштаган долбоорлор:
Учурда долбоор алдындагы иштер жана алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.