БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев менен Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов эки борбор калаанын кызматташуусу жөнүндөгү жол картага кол коюшту. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Жунушалиев коңшу өлкөнүн борбор калаасына жумушчу сапары менен барган.
"Жолугушуунун алкагында эки тараптуу мамилелерди бекемдөө, түрдүү сфераларда шаардык муниципалитеттин деңгээлинде кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар 2022-2024-жылдарга карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий гуманитардык жаатта кызматташуу боюнча жол картага кол коюшкан.