Айдоочулук күбөлүк берип, унааны каттайт. ИИМге өткөн функциялар

Аталган документ жол кыймылы коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол кырсыктарынын кесепетин азайтуу максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган документ жол коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол кырсыктарынын кесепетин азайтуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле ИИМ жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталган.
ИИМге жүктөлгөн милдеттер:
Мындан тышкары, министрлер кабинетине ЖКККББнын материалдык-техникалык базасын жакшыртып, штатын көбөйтүү тапшырмасы берилген.
Өкмөт жарлыктан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизиши шарт.