БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Тышта иштеп жүргөн мигранттардын балдарына "Хизб-ут-Тахрир"* диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) идеологиясын окуткандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 24 жаштагы М.А. жана 27 жаштагы Т.Б. аттуу жарандардын үйүнөн жана жашаган жеринен көп сандагы диний адабияттар, конспектилер, электрондук китептер, уюлдук телефон, теократиялык мамлекеттин ("Халифат") Конституциясынын долбоору жазылган брошюра, ноутбук, флешка жана күндөлүк табылган.
"Шектүүлөр жашы жете элек балдарга мыйзамсыз негизде диний билим берүү уюштурганы аныкталды. Иликтөө маалында батирде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки жети бала болгон. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми жашы жете элек балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөл органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү иш-чараларынан кийин жакын туугандарына өткөрүп берилди.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.