Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.
Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.
“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.
Алар да кудайдын пендеси. Депутат Жээнбеков, Зулпукаровдун кол тийбестиги боюнча
Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.
Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.
Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.