Апасы түрмөдө. Өкмөт россиялык блогер алып чыккан кыргызстандык кызга кол сунду

Кыргызстандык кыздын апасы карызын төлөй албай камалып кеткен. Ал эми жалгыз бой эне уулун мурдагы күйөөсүнөн ала албай жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Юстиция министрлиги коомдо талкуу жараткан эки окуяны изилдеп баштаганын маалымдады.
Анда россиялык Dava деген каймана аты менен таанымал блогер Давид Манукян алып чыккан кыргызстандык Айнурага укуктук жардам көрсөтүүгө даяр экени айтылат.
Белгилей кетсек, Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык кыз блогер менен маектешүү учурунда апасы карызга батып, мунун айынан камалып кеткенин айткан. Dava анын карызын төлөп, апасын абактан чыгарууга жардам берүүнү убадалаган. Ошондой эле ал Айнуранын кыялын орундатып Дубайга өзүнүн командасы менен кошо эс алууга алып кеткен. Ал жакта каражат табууну дагы үйрөнмөкчү.
Мындан сырткары, мурдагы күйөөсүнөн баласын ала албай өз жанын кыюуга аракет кылган Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну Айнура Төрөканованын да иши изилденип жатканы айтылды. Жалгыз бой эне кечээ Ак үйдүн алдында митингге чыгып, президентке кайрылган.
"Юстиция министрлиги жогоруда белгиленген жана башка көйгөйлүү иштерге мониторинг жүргүзөт. Системалык юридикалык жардамдын алкагында укуктук колдоо көрсөтүү үчүн адвокаттар тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Акысыз юридикалык жардам кызматы түзүлүп жатат. Анын алкагында консультациялык (алгачкы) жана квалификациялык (экинчи, адвокаттык) көмөк көрсөтүлөт. Мындай кызматтар өлкөнүн ар бир районунда негизделип онлайн консультациялар берилет. Даректери министрликтин сайтында жазылган.