Вулкандын күлү баскан унаадан акваланг кийген Аяз атага чейин. Сүрөт түрмөк

Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Sputnik
Пальма аралында (Испания) Камбре Виеха жанар тоосунун атылышы уланууда. Ал 19-сентябрда башталган. Натыйжада 1,1 миң гектардан ашык аянтты лава каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды.
Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгын алды.
Берлинде (Германия) өлкөнүн канцлери кызматынан расмий түрдө кеткен Ангела Меркелди узатуу салтанаты өттү.
Исландиялык Наталья Микалайчик Түгөйлөрдүн портрети номинациясында жеңүүчү болгон. Жээк, жаштардын ары жагында түрүлүп келе жаткан ири толкун жана шамал учурган колуктунун жакшынакай көйнөгү
Турмуш жолуна аттанган түгөйлөрдүн адаттан башкача сүрөттөрү
Түркияда катуу бороон-чапкын катталып, алты киши мерт болду. Урагандан, имараттардын чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Бороон-чапкындын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткени айтылды.
Беларуста миграциялык кризис уланууда. Качкындар Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.
Бразилиянын Бротас шаарында ыктыярчылар арыктаган жапайы буйволдорду багышкан.
Новосибирск шаарында (Россия) кыштын биринчи күнүнө карата "Сибирдин аппак пляждары" акциясы өттү.
Лондондо (Улуу Британияда) Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Индонезияда Семеру жанар тоосу атыла баштады. Анын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салган. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алды.
Иерусалимде (Израиль) "Аалам сулуусу" сынагы өттү.