"Шамбала" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тизмесине кирди. Трейлер

Узун тизмеге жалпы жонунан 90 кинокартина кирди. 15 тасмадан турган кыска тизме 21-декабрда жарыяланат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы беделдүү "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирди. Атаандаш тасмалар кино сыйлыктын сайтына жарыяланды.
Узун тизмеде жалпы жонунан 90 кинокартина бар. Казакстандан "Желтая кошка", Өзбекстандан "Две тысячи песен Фариды", Россиядан "Разжимая кулаки" тасмалары көрсөтүлгөн.
Киноленталарды кыска тизмеге тандоо үчүн добуш берүү 10-декабрда башталып, 15-декабрга чейин созулат. Анын жыйынтыгы 21-декабрда жарыяланмакчы.
Радио
Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам
"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 27-мартында Голливуддагы Dolby Theatre кинотеатрындагы салтанаттуу иш-чарада жарыяланат. Номинанттардын толук тизмеси 8-февралда белгилүү болот.
"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган.
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги тасмада башкы каарман Шамбаланын ролун жараткан Артур менен маектешкен.