Радио

Бишкекти каптаган ыштын негизги себеби айтылды

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров борбор калааны каптаган ыштын себептерин айтып берди.
Sputnik
Борбор калааны каптаган ыштын башкы себеби — Кара-Кеченин көмүрү. Мындай пикирин Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кеченин көмүрүндө нымдуулук ашыкча болуп, калдыгы көп, ошондой эле табы көп жок.
"Мэриянын алдындагы экологиялык кеңештин түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ага көз карандысыз экологдор, эксперттер кирген. Буга чейин мамлекеттик органдар калааны каптаган ыштын так себебин айтпай келишти. Ошондуктан экологиялык кеңеш тарабынан шаардын аймагына атмосферанын тазалыгын аныктаган 50 аппарат орнотулду. Натыйжада абанын булганышынын негизги себеби — көмүрдүн түтүнү экени аныкталды. Буга чейин мындай көйгөй болгон эмес. Себеби Бишкек ЖЭБ Карагандадан алып келинген сапаттуу көмүрдү колдонгон. Кийин жергиликтүү көмүрдү колдонуу ниети менен ЖЭБ модернизациядан өткөрүлгөн. ТЭЦ жылына 1 миллион 600 миң тонна көмүр жагат. Мындан тышкары, 47 жаңы конуштун тургундары тарабынан 200 миң тонна көмүр колдонулат. Ошол түтүн шаарды каптоодо. Мындан улам ЖЭБди газга өткөрүү сунушу да айтылып келет. Бирок газ Россиядан дүйнөлүк баадан төмөн алып келинип жатканы менен көмүргө салыштырмалуу кымбат болуп калат. Ошондуктан борбор калаага сапаттуу көмүр алып келүүнү карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин мэриянын алдына өткөрүү сунуштары айтылууда. Ошондо көмүрдүн сапатын муниципалитет көзөмөл кылмак", — деди Назаров.
Ал автоунаалардан чыккан газ дагы шаарды каптаган түтүндүн себептеринин бири экенин кошумчалады.