Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.
Россияга кайсы учурда локдаун киргизилиши мүмкүндүгүн вирусолог айтты
Ошондой эле Попова Россияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.
Эскерте кетсек, учурда Россияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.