Министр Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү

Жыйында вакцинация боюнча сертификаттарды сатууга байланышкан журналисттик иликтөө талкууланган. Министр мындай учурлар элдин вакцинага болгон ишенимин кетире турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө боюнча кампаниянын жүрүшүнө жоопкерчиликтүү адистер менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында 6-декабрда жарыяланган вакцинация боюнча сертификаттарды сатууга байланышкан журналисттик иликтөө талкууланган. Министр комиссия түзүүнү жана кыска убакытта материалда айтылган фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. Күнөөлүүлөрдү иштен алууга чейин барып, материалдар укук коргоо органдарына берилери убадаланды.
Пресс-борбор
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты
Ошондой эле Бейшеналиев эмдөө өнөктүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жоопкерчилик аларын, иштин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү керектигин айткан. Ал журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар элдин эмдөө кампаниясына болгон ишенимин кетирип жатканын, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин белгилеген.
Ал президент жана министрлик элге вакцина жеткиликтүү болушу үчүн чоң иштерди жасап жатканын кошумчалаган.