Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Көл жээгинде эксклюзивдүү интервью берди. Аны менен шеф-редактор Эркин Алымбеков маектешти.
Валентина Шевченко Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, спорттук жолун баштаган. Акыркы 15 жылдан бери чет мамлекетте машыгып, беттештерге катышып келет. Муай-тай жана кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болгон. Беделдүү UFC уюмунун турнирлеринде 2015-жылдан бери беттеш өткөрүп, 2018-жылы чемпиондук курду багындырган. Спортчу октябрда америкалык Лорен Мерфини нокаут менен жеңип, кыргызстандык мушкер наамын алтынчы ирет удаасы менен коргоп калган. Шевченко 2019-жылы КРдин Даңк ордени менен сыйланган.