Кыргызстандын мектеп окуучулары качан каникулга тарайт?

Орто мектептин окуучулары 12 күн эс алат. Билим берүү жана илим министрлиги каникулдар боюнча жаңыланган графикти жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Мектеп окуучулары үчүн 2021/2022-окуу жылындагы кышкы каникул 31-декабрдан 11-январга чейин созулат.
Ноябрь айынын башында Билим берүү жана илим министрлиги каникулдар боюнча жаңыланган графикти жарыялаган.
Кыргызстандык студенттер Эл аралык жаштар парламентинин угуучусу болду
Ошентип орто мектептин окуучулары 12 күн эс алат. Окуу 12-январда (шаршемби) башталат.
Эске салсак, республикада 2021/2022-окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган. Бийлик мындай кадамга педагогдордун көбүн эмдөөдөн өткөрүү үчүн жана жайкы туристтик сезонду узартуу максатында барган.