БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу макулдашууну ишке ашыруу эки тараптын тең соода-сатыгына жакшы таасирин тийгизет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев кабарлады.
ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, министр Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жамали менен жолуккан.
Тараптар Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосунда эркин соода жүгүртүүгө шарт түзгөн убактылуу келишим соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешкен.
Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев
© Sputnik / Александр Гальперин
/ "2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга өстү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экспорту 80 пайызга жогорулап, 1,12 миллиард доллардан 2 миллиардга чейин жетти. Импорттун көлөмү 30 пайызга көбөйүп, 803 миллион доллардан 1 миллиардга чыкты", — деди Слепнов.
Ошону менен катар ал соода жүгүртүү пандемияга чейинки статистика боюнча да өсүп жатканын баса белгиледи. 2019-жылкыга салыштырмалуу экспорт 47 пайызга, ал эми импорт 67 пайызга жогорулаган.
Соңунда ЕАЭБ министри менен Ирандын элчиси соода жүгүртүү тууралуу толук форматтуу макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн жогору баалап, өз ара иштешүүгө канааттануусун билдирген.