"Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, азыркы күндө кино тармагындагы мамлекеттик саясатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жүргүзөт. Анын карамагында Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы, "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик кино борбору" мамлекеттик мекемеси, Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык кино үйү жана жети облустук, 22 райондук кинодирекция, 38 мамлекеттик кинотеатр ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу Элвира Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында 12 менчик кинотеатр жана 34 менчик киностудия иш алып барат.
"Кыргызфильм" киностудиясында улуттук көркөм, даректүү, кыска метраждуу жана анимациялык тасмалар өндүрүлөт. Негизинен автордук фильмдер басымдуу. Бул чыгармалар көптөгөн эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болуп, чет мамлекеттерде өлкөнүн имиджин көтөрүп келе жатышат. Ал эми региондордогу кинодирекциялар киноискусствону айыл аймактардагы тургундарга жеткирүү иштери менен алек. Он жыл мурдагыга салыштырмалуу кыргыз киноиндустриясынын абалы түзүк, өсүш бар. Мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп жатат. Ал үчүн "Кыргызфильм" киностудиясында түзүлгөн көркөм талдоо кеңешинин чечиминин негизинде тематикалык план түзүлөт. Демек, бөлүнгөн каражат планга кирген тасмаларды тартууга бөлүштүрүлөт. 2021-жылы Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата мамлекет тарабынан өзгөчө колдоо болуп, жалпы алты толук метраждуу көркөм тасма планга кирип, тартылууда", — деди Мамытова.
Ал бул жылы беш даректүү тасма, эки көркөм кыска метраждуу жана эки даректүү кыска метраждуу тасма, бир анимациялык фильм жасалып жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: