БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бут кийим өндүргөн жаңы фабрика ишке кирди. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинен кабарлады.
Маалым болгондой, бут кийим ишканасы "Хейлунцзян" ЖЧКсынын буга чейинки долбоорунун (курулуш кол каптары менен жогорку сапаттагы илмектерин чыгаруу) каражатына ачылган.
Өндүрүш 2019-жылы иштеп баштап, инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды түзгөн.
"Өлкөдө бут кийим чыгарган мындай өндүрүштүн аналогу жок. Анда чыгарылган продукциянын көбү экспортко кетет. Маселен, 40 пайызы Казакстанга жөнөтүлүп, жылына ишканада 600 миң жуп бут кийим өндүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Компания алдыда спорттук бут кийимдерди чыгарууну да пландап жатканы кошумчаланды.