Радио

Мураталиева: Бишкекте "Жашыл экономика-2021" форуму өтөт

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Мунара Мураталиева 10-декабрда өлкөдөгү жашыл экономиканын өнүгүшүн шарттаган "Жашыл экономика-2021" форуму өтөрүн айтты.
Sputnik
"Жашыл экономика-2021" форумунда финансылык продукцияларды сунуштаган ири компаниялар, финансылык институттар, ишкерлер долбоорлорун жана сунуштарын айтышат. Бул тууралуу Мунара Мураталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумдун алкагында Green EXPO 2021 көргөзмөсү уюштурулуп, "жашыл технологияларды" ийгиликтүү ишке ашыруу жолдору сунушталат.
"Бишкекте 10-декабрда "Жашыл экономика-2021" форуму өтөт. Ал эми анын компоненти катары Green EXPO 2021 көргөзмөсү уюштурулат. Анда жашыл экономикага байланыштуу чечимдерди, технологияларды, "жашыл" технологияларды жана "жашыл" продукцияларды сунуштаган ири компаниялар, финансылык институттар катышып, долбоорлорду көрсөтүшөт. Форумда Кыргызстандагы жашыл экономиканын статусу, багыты, маселелерди чечүү жолдору талкууланат. Бирдиктүү план түзүп, анын негизинде иш алып баруу аракеттери көрүлөт. Форум эки компоненттен туруп, офлайн жана онлайн катышуу каралып, мамлекеттик, жеке сектордун өкүлдөрү темаларды талкуулашат", — деди Мураталиева.
Ошондой эле жетекчи форумду Экономика жана коммерция министрлиги JIA бизнес-ассоциациясынын, Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын жана башка өнөктөштөрдүн жардамы менен уюштуруп жаткандыгын кошумчалады.