Алдамчынын торуна жетелеген беш учурду адис санап берди

Эксперт адамды сызга отургузуп кеткен шылуундардын кандай адамдарды тандай турганын жана кайсы учурларды пайдаланарын санап берген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кишинин акчасын же дагы башка мүлкүн алдап алып кеткен шылуундар беш учурдан пайдаланат. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Финансылык илим изилдөө институтунун финансылык сабаттуулук боюнча борборунун эксперти Ольга Дайнекого таянып билдирди.
"Кылмышкерлер дайыма эле тобокел менен иштебейт. Алардын бир катарлары кандай адамды сызга отургузуп кетсе болот, кайсылар оңой менен алданбай турганын жакшы түшүнөт. Алардын көпчүлүгүнүн пландары байкагыч, сак, баамдап ойлонгон, финансылык коопсуздук боюнча түшүнүгү, маалыматы барларга туш келгенде аткарылбай калат", — деген эксперт.
Шылуундар "Матрица" жылдызы Киану Ривздин атын колдонуп аялдардан акча алууда
Анын айтымына караганда, биринчи ыкма — кишинин жан ачыган, аёо сезимин ойготуу. "Ооруган балдар, кароосуз калган жаныбарлар, үй-жайы өрттөнүп кеткендер жана качкындар сыяктуу жардамга муктаж адамдар бар. Аларга көптөр кайдыгер карай албайт. Бул кадыресе эле көрүнүш. Алдамчылык да дал ушундай нерселерге таянат. Тагыраагы, боорукер жана жасаган жакшы ишке канааттангандарды издешет", — деген Дайнеко.
Мындан улам эксперт эгерде боор ооруп, жардам бергиңиз келсе, аны тааныган, билген адамдар же түздөн-түз өзү менен байланышып жасаш керектигин эскертет. Же кайрымдуулук уюмдарына кайрылуу кажет.
Экинчи учур — бекер жерден оңой олжого же пайдага туйтунам деген жаңылыштык.
"Муну ач көздүк деп атаар элем, бирок көп учурда мындай жол сызга отургузат. Азыр көбү "бекер айфонго", акысыз курстарга же "акчаны оңой жол менен табасың" деген калптарга ишенип, тузакка түшөт. Мындан сактануунун эң жөнөкөй эле жолу бар — эгерде жок жерден туруп эле "айды алып беребиз" деген убада болсо, демек, ал калп. Алдамчылар менен сүйлөшүп жатам деп эсептей бериңиз. Жөн жерден, бекер жерден жөн эле колуңузга акча тутамдап калбайсыз да", — деп эскерткен ал.
Адамды алдамчынын колуна түптүз эле жетелеп барып салып бере турган үчүнчү нерсе — киши корккондо жасалчу кадам.
Банктык картадагы акчаны шылуундардан кантип коргосо болот? Жол-жобосу
"Кырсыкка кабылган жакындарыңызды же тууганыңызды айтып, карточкадан же колдо болгон акчаны "тезинен которо сал" деп шаштырганда көзүң ала чакмактап кетет. Ал эми "орган кызматкеримин, камалып кетесиң" дегенде эсиң эки болот. Мындай учурда эстеп койчу алтын эреже — тез сүйлөшүп бүтүп, баланча жактын өкүлүмүн деп айткан уюмдар менен, банк, тартип коргоо органы же "кырсыктаган" жакыныңыз менен байланышуу керек", — деген Дайнеко.
Адам акчасынан чарчап же жакшылап көңүл бурбай, кайдыгер караган учурда кол жууган фактылар арбын. Алар көбүнчө фишинг шилтеме менен келген фейк каттар.
"Шектүү шилтемени ачпагыла, ал өзгөчө сүрөт же баскыч катары келсе ишенбей, шектенип мамиле жасагыла", — деген эксперт.
Билдирүү электрондук почта эле эмес, ар кыл социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу да келиши мүмкүн. Адис анын артында алдамчылык боюнча бүтүндөй бир схема турганын кошумчалады.