Улуттук кийимчен түшкөн сүрөтүңүз барбы? Sputnik Кыргызстан сынак жарыялады

Facebook, Instagram, Twitter, "Одноклассники" тармактарынын колдонуучулары өзүнүн баракчасына улуттук кийим (кайсы элдики экени маанилүү эмес) кийип түшкөн сүрөтүн жарыялашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу 10-декабрь күнү өзүнүн жети жылдыгын белгилейт. Редакция кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын колдоо максатында бул датаны утурлай флешмоб-сынак өткөрүүнү чечти. Ага социалдык тармактар аркылуу бардык каалоочулар катыша алат.
1 / 4
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу 10-декабрь күнү өзүнүн жети жылдыгын белгилейт
2 / 4
Редакция кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын колдоо максатында бул датаны утурлай флешмоб-сынак өткөрүүнү чечти. Ага социалдык тармактар аркылуу бардык каалоочулар катыша алат.
3 / 4
Шартка ылайык, Facebook, Instagram, Twitter, "Одноклассники" тармактарынын колдонуучулары өзүнүн баракчасына улуттук кийим (кайсы элдики экени маанилүү эмес) кийип түшкөн сүрөтүн жарыялап, #Sputnik7лет жана #Sputnik7жаш хештэктерин коюшу керек. Профиль ачык болушу зарыл.
4 / 4
Эң көп лайк, комментарийлерге ээ болуп, көп колдонуучулар бөлүшкөн сүрөттөрдүн автору 2022-жылдын эң кооз календарына ээ болот.
Шартка ылайык, Facebook, Instagram, Twitter, "Одноклассники" тармактарынын колдонуучулары өзүнүн баракчасына улуттук кийим (кайсы элдики экени маанилүү эмес) кийип түшкөн сүрөтүн жарыялап, #Sputnik7лет жана #Sputnik7жаш хештегдерин коюшу керек. Профиль ачык болушу зарыл.
Sputnik салттуу кийимдер долбоорунун катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Сүрөт
Эң көп лайк, комментарийлерге ээ болуп, көп колдонуучулар бөлүшкөн сүрөттөрдүн автору 2022-жылдын эң кооз календарына ээ болот. Андан тышкары, мыкты образдар www.sputnik.kg сайтына жарыяланат. Сынак 5-10-декабрь күндөрү өткөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекетке жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.