Садыр Жапаров туулган күнүн кандай өткөрөрү айтылды

Бүгүн, 6-декабрь, өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты. Туулган күнүн кечинде тар чөйрөдө белгилей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров туулган күнүн кандай өткөрөрү тууралуу билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабрь, өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты.
"Мамлекет башчынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Жапаров туулган күнүн иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте болот", — деп айтылат маалыматта.
Президент туулган күнүн кечинде үй-бүлөсү менен тар чөйрөдө белгилей турганы кошумчаланды.