БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотууну караган жарлыкка кол коюп, бирок бир нече талап койду.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы жарлык "Чакан ишкердик субъектилерди колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" деп аталарын белгилеп, ишкерлерден эмнелер талап кылынарын тизмектеди.
Аналитикалык платформаны толук ишке киргизүү максатында төмөнкү талаптар болот:
Ишкердик субъектилерди колдоо, кабыл алынуучу чечимдердин салыктык жана бажылык укук мамилелери бөлүгүндө оперативдүүлүгүн жогорулатуу, ак ниет салык төлөөчүлөр жана ишкер чөйрөсү үчүн жагымдуу салыктык жана бажылык климатты түзүү максатында министрлер кабинетине бир нече сунуш берген.
Ал Конституциянын 71-беренесинин негизинде жасалган.
Министрлер кабинетине берилген сунуштар:
Жогорку Кеңештин кароосуна ишканаларды салыктардан бошото турган мыйзамдардын долбоорун киргизүү айтылган. Алар — киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар ККМди жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык алуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8,0 миллион сомго чейин ишканалар. Кеп товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъектилер туурасында болуп жатат;
Салык төлөөчүнүн бирдиктүү карточкасын жана кошумча нарк, акциз салыктарын төлөөнү көзөмөлдөөнүн аналитикалык системасын түзүү, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделин ишке киргизүүнү камсыз кылуу милдети коюлган. Андан сырткары, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү аркылуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын минималдаштыруу боюнча да тапшырма берилген;
маркаланган алкоголь жана тамеки продукциясына байкоо механизмин киргизүү;
маркаланууга жана байкалууга тийиш болгон товарлардын, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын тизмесин толуктоо;
2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, Бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана 2021-жылдын аягына чейин бекитүү;
Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктуларында мамлекеттик көзөмөлдүн түрлөрүн жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин колдонуу;
ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пунктуларында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүнү жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принциби боюнча бирдиктүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган деп бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;
ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пунктуларында жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пунктуларына жакын жерлерде мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бизнес-процесстерин маалыматтык өз ара иштешүүнү камсыз кылуу аркылуу оптималдаштыруу;
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкү ыйгарым укуктарды берүү:
а) Кыргызстандын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, отчеттордун, эсептердин, декларациялардын, документтердин, кабарлоолордун, маалыматтардын, маалыматтык эсептердин, патенттердин, контрактылардын (келишимдердин), билдирмелердин, чечимдердин, корутундулардын, актылардын формаларын, аларды кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө толтуруу, түзүү жана/же берүү тартибин бекитүү боюнча ыйгарым укукка ээ болушу керек;
б) юридикалык жактар мамлекеттик каттоо боюнча укукка ээ болушу керек.
мамлекеттик көзөмөлдөөнү (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу органды аныктоо:
а) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пунктуларына жакын жерлерде жайгашкан товарларды эсепке алуу жайларында — Мамлекеттик салык кызматы координациялайт;
б) ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан автомобилдик өткөрүү пунктуларында — Мамлекеттик бажы кызматы координациялайт.
маалыматтар базасын Мамлекеттик салык кызматына берүү менен бажы кызматынын жана юридикалык жактарды, жарандарды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, ишкердик объектилерди каттоо боюнча мамлекеттик органдардын системаларын Салык кызматынын системасы менен комплекстүү интеграциялоону жүргүзүү;
Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык потенциалын оптималдаштыруу жана техникалык жактан жабдууну күчөтүү;
Улуттук банк менен биргеликте санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны Кыргызстандагы коммерциялык банктардын реалдуу убакыт режиминде Мамлекеттик салык кызматына маалыматтарды берүүнү камсыз кылган көзөмөл-кассалык машиналардын функциясы бар РОS-терминалдарды милдеттүү колдонууга өтүүсүн эске алуу менен накталай эмес төлөмдүн үлүшүн көбөйтүүнүн иштиктүү механизмдерин кабыл алуу.