"Омикрон" штаммы өлүмгө кептебейби? ДССУ маалымат берди

Уюмдун адистери жаңы штаммдын канчалык жугуштуу экенин аныктоо үчүн убакыт керектелерин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде катталган коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынан азырынча бир да өлүм учуру каттала элек. Маалыматты ДССУ таратканын AFP басылмасы жазган.
Ага ылайык, ДССУнун саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал боюнча программанын директору Майкл Райандын айтымында, "омикрондун" канчалык жугуштуу экенин жана оорунун оор же жеңил өтөрүн аныктоо үчүн бир нече жума керектелет.
"Биз баарына керек жоопту алышыбыз керек", — деген ДССУ өкүлү.
Буга чейин Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн коронавирустун "омикрон" штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы оор болбой калышы мүмкүн экенин айткан.