Коронавирус эки адамдын өмүрүн алып, 34 киши жаңы жуктурду

Кечээтен бери өлкөнүн көпчүлүк аймактарында оору катталган эмес. Жаңы жуктурган 34 учурдун 26сы Бишкек шаарына туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 34 бейтаптан коронавирус табылып, 49 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, вирус өлкөнүн эки облусу менен эки шаарында эле катталган. Алар:
Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 649га жетти. Анын ичинен 178 651и айыккан.
Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны ушуну менен 2 760ка жетти. Азыркы тапта стационарда 373, ал эми амбулатордук шартта 382 адам дарыланып жатат. Бир сутка ичинде эмдөөдөн 853 адам өткөн. Анын ичинен 513ү биринчи дозасын, 340 киши экинчисин сайдырган.