Жылкынын узун жал-куйругу "түпөк" делет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөз учурда эл арасында дээрлик колдонулбайт.
"Эпосто "түпөк" деген сөз кездешет. Аны эки мааниде колдонууга болот. Биринде жылкынын узун болуп өскөн жал-куйругун айтат. Дагы бир маанисинде найзанын учуна байланган топ кыл. Ал негизинен кооздук жана найзаны колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн тагылат. "Манас" баянында Алмамбет тууралуу "түпөгү жок найза алып, кынсыз кылыч байланып" деп ашынган баатырлыкка ээ болгону сүрөттөлөт", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.