Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт

Буга чейин тамак-аш үчүн күнүнө бир адамга 110 сом каралса, жаңы жылдан кийин ал 220 сомго көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактануу чыгымдарынын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мындан ары жетим балдар үйү, карылар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана адамдар баш калкалаган жайларда тамактанууга бюджеттен эки эсе көп каражат бөлүнөт. Тагыраак айтканда, буга чейин күнүнө бир адамга 110 сом каралса, эми ал 220 сомго көтөрүлөт. Муну менен катар министрлер кабинетине бир топ талаптар коюлду.
2022-жылдын 1-январынан баштап тамактануунун акчалай ченеми 100 пайызга көбөйтүлө турган жайлардагы жарандар:
Эске салсак, мамлекет башчы ишемби күнү Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда бул боюнча тийиштүү тапшырманы берген.