Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт

Бишкекте салют атуудан баш тартуу чечими кабыл алынгандыктан пайдаланылбай калган 800 миң сом башка максаттарга пайдаланыларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Быйыл Жаңы жылдын түнүндө Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салют атылбайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Экологиялык себептерден улам Жаңы жылдагы салттуу, майрамдык фейерверкти уюштурбоо чечими кабыл алынды. Баш тартуудан улам пайдаланылбай калган каражат (800 миң сом) башка маанилүү максаттарга пайдаланылмакчы", — деп айтылган маалыматта.
Муниципалитет баш калаадагы экология менен коопсуздукту сактоо максатында элди петардаларды сатып албоо жана жаңы жылдык майрамдоо учурунда колго жасалган фейерверктерди колдонбоону өтүнгөн.
Маалыматта ар күз-кыш сайын шаарда жылытуу мезгилинен жана автоунаалардын күйүүчү май колдонуусунан улам аба бузулуп жатканы белгиленди.