Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн короосунда жүргөн жылкылардын үйүрү. Видео

Буга чейин жылкысы шаар аралап кеткен мал ээси айыпка жыгылган. Бүгүн да ушундай окуя катталып, аны жашоочулар видеого тартып алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкектин Асанбай кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балдар аянтчасын бир үйүр жылкы каптап кеткен. Жашоочулардын бири аянтчада оттоп жүргөн аттарды видеого тартып алган. Анда 24 баш жылкыны саноого болот.
Бул көп кабаттуу үй "Жаннат" мейманканасынын бет маңдайында жайгашкан.
Жылкылар үйүрү менен кантип балдар аянтчасына келип калганы белгисиз. Мэрия азырынча бул окуя тууралуу комментарий бере элек.
Эске салсак, 2020-жылдын январь айында да ушундай окуя катталган. Анда жылкылар "Ататүрк" жана "Ынтымак" сейил бактарына кирип оттогон. Мындан улам мал ээсине 3 000 сом айып салынган.