Радио

Джекишев: атлант омурткасына доо кетсе жылдап билинбей жүрө бербейт

Остеопат Жапарбек Джекишев жүлүндүн биринчи омурткасы болгон атлантты бир процедура менен калыбына келтирип коюу мүмкүн эместигин айтты.
Sputnik
Атлант — жүлүндү баш менен туташтырып турган биринчи омуртка. Эгер ага доо кетсе, дароо билинет. Мисалы, бала төрөлгөндө атланты кысылып калган болсо, ал бара-бара ыйлаак болуп, куса баштайт. Бул тууралуу Жапарбек Джекишев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, атлант омурткасы тарамыш, андан соң булчуң менен курчалып тургандыктан, ал кысылып калган учурда кол менен баскылап эле калыбына келтирип коюу мүмкүн эмес.
"Атланттын ылдый жагын көздөй доо кетсе адамдын кыймылы өзгөрүп, майып болуп калышы ыктымал. Ал эми өйдө жакты көздөй кетсе биринчи омуртка болгондуктан баш жабыркап, киши өлүмгө дуушар болот. Демек, бул нейротравматологдордун иши. Мындай бейтаптарды биз токтоосуз ошол дарыгерлерге жиберебиз. Андан тышкары, төрөлгөндө атланты кысылып калса, аны ондогон жылдардан соң баскылап эле калыбына келтирип коюу мүмкүн эмес. Жогоруда мен айткандай, атлантка доо кеткенин адам кыска убакытта эле сезет. Бул жерде массаж менен атлантты түздөө эмес, анын сыртындагы булчуңдардагы спазмды кетирип койсо болот. Мындай учурда бейтаптын омурткасында көйгөй жок, стресстен же башка себептен булчуңдар тырышып калган болот. Аны жок кылып коюу менен киши өзүн жакшы сезип калат. Бирок бул да убактылуу эффект бергендиктен кайра-кайра белгилүү мөөнөттө кайталап туруу керек. Ал эми атлант жабыркаган учурда аны бир дарылоо менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес", — деди Джекишев.
Дарыгер жүлүн омурткаларын дарылатууда бейтаптар өтө кылдат болуусу зарылдылдыгын, анткени андан бүтүндөй организмдин кыймыл-аракети көз каранды экендигин кошумчалады.