БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 20-декабрдан тарта "Уральские авиалинии" компаниясы Екатеринбург шаарынан Кыргызстандын "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортуна жумасына бир ирет аба каттамын ачты. Бул туурасында аталган компаниянын "ВКонтакте" социалдык тармагындагы баракчасына жазылган.
"20-декабрдан тарта биз Екатеринбург шаарынан Кыргызстандын "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортуна дүйшөмбү күнү учуп, эртеси, шейшембиде, кайра кайтып келебиз", — деп айтылат маалыматта.
Компаниянын сайттагы маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдү Airbus A320 ташыйт. Екатеринбургдан жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө (20:00 мск.) абага көтөрүлүп, ал эми Тамчыдан 3:10до (00:10 мск.) кайтып кетет. Жолго үч саатка чукул убакыт кетери айтылды.