Радио

Равшанбек уулу: пандемиядан кийин ыктыярчыларга болгон ишеним жогорулады

Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылар менен иш алып барган адиси Азамат Равшанбек уулу республиканын бардык аймагында ыктыярчылардан турган топтор бар экендигин айтты.
Sputnik
Пандемиядан кийин ыктыярчыларга болгон ишеним жогорулап, жардам сурап кайрылгандардын саны өстү. Мындай пикирин Азамат Равшанбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунда учурда 4 миңден ашык активдүү ыктыярчы бар.
"2020-жылы пандемия учурунда Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары жардамга муктаж жарандарга көмөкчү болушту. Ушул жылдын жай айында өлкөдө массалык вакцинация жүргүзүлгөндө да кызуу иш алып барышты. Пандемияда ыктыярчыларга болгон ишеним жогорулады. Баткендеги болуп өткөн окуяда да жабыр тарткан үй-бүлөлөргө тамак-аш, кийим-кече жеткиришти. Биздин улан-кыздар өлкө боюнча кары-картаңдарга, жардамга муктаждарга акысыз көмөк көрсөтүшөт. Мындан тышкары, мамлекеттик иш-чараларга да активдүү катышып келишет. Ыктыярчылардын коомдогу орду чоң мааниге ээ", — деди Равшанбек уулу.
Ошондой эле адис ыктыярчылардын көбү тажрыйба топтоо, досторду табуу максатында келишерин кошумчалады.