БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ыктыярчылардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Базарбаев ыктыярчылык жашоодо маанилүү роль ойной турганын айтып, бул тармакта иштеп жаткан жүз миңдеген кыргызстандыкка ыраазычылык билдирген.
"Балдардын дарылануусуна, жалгыз бой пенсионерге акча чогултуу, көп балалуу үй-бүлөгө кийим берүү, майыптыгы барларга үй куруу сыяктуу көптөгөн иштерге кайдыгер карабай, убакыт таап ыктыярчылар жардам берүүдө. Ыктыярчылык жашообуздун бир бөлүгү болуп калганын пандемия учурунда көрдүк. Анда ыктыярчылар кызыл зонага кирип, тамак, дары-дармек ташып жүрүштү. Суукта жолдон ала кеткендер, майыптыгы барларга жардам берип, жаратылыш үчүн күрөшүп жаткандар да ыктыярчылардын катарын толуктайт. Бул адамзаттын боорукерлигинен, адамгерчилигинен кабар берет", — деп жазылат министрдин куттуктоосунда.
Министр сөзүнүн соңунда Кыргызстандагы бардык ыктыярчыларга ден соолук, тынчтык жана ийгилик каалап кеткен.