БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. АКШда 100 жаштан өткөн үч бир тууган аял узак жашоонун сырын ачып, кийинки муунга пайдалуу кеңеш айтты.
KSN-TV. телеканалына курган маегинде алар АКШнын Канзас штатындагы Этвуде шаарында жашарын айтышкан. Бир туугандардын улуусу 104 жаштагы Жулия Коприва 1917-жылдын 5-ноябрында туулган. Андан кийин 102 жаштагы Люси Почоп жарык дүйнөгө 1919-жылдын 11-июнунда келген. Кичүүсү Фрэнсис Компус 1921-жылы туулуп, 11-ноябрда 100гө чыккан.
Узак жашаган аялдар атасынын чарбасына жардам берип, чакан шаардагы фермада чоңойгонун белгилешкен. Ар кечте үй-бүлөсү кечки тамакка чогулуп, бир күндө өткөн жакшы сезимдери менен бөлүшүшкөн.
"Нанды колго жасап, кадимки картошка жана эт жечүбүз. Ошол учурдагы мештерге тамак бышыруу кыйын эле. Тамак анча даамдуу болбой калса дагы жечүбүз", — деген Коприва.
Бир туугандар жакшы тамактанып, сыйынып, жагымсыз абалга кабылбоого аракет кылышарын айтып, бул үч нерсени узак жашоонун башкы сыры деп аташкан.
Алар узак жашоону каалаган кийинки муунга көбүрөөк кыймылдап, жөө басып, ишенимди сактап, ата-бабага ыраазы болуу керектигин кеңеш катары берген.