Эркектер менен аялдар кайсы кылмышка көп барат. Статистика

2020-жылы кылмыш жана жорук жасаган 24 миңден ашык адам аныкталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп экени белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр мыйзам бузган эркектердин арасында уурулук, аялдардын арасында бейбаштык көп кездешкен. Мындай жыйынтыкка Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматын карап чыгып келген.
Жол кырсыгы болгон жерден из жашырган айдоочуга айып салынат. Көлөмү
Кылмыш кылгандардын жалпы санынын 17 пайыздан ашыгы аялдарга жана 83 пайызга жакыны эркектерге туура келген.
Мыйзамды 29 жаштагы жана андан улуу курактагы адамдар (68 пайыз) көп бузган. Андан кийин 18-24 жаштагылар (15 пайыз), 25-28 жаштагылар (12 пайыз), ошондой эле 14-17 жаштагылар (4 пайыз) турат.