Турмуш жолуна аттанган түгөйлөрдүн адаттан башкача сүрөттөрү

Өтүп бара жаткан жумада баш кошкондордун сүрөттөрүн тарткан фотографтардын эл аралык XII I— International Wedding Photographer Of The Year деп аталган эл аралык сынагы болду.
Sputnik
58 өлкөдөн келген 400дөн ашуун фотографтар ар кыл категорияда тарткан сүрөттөрү менен катышты. Сынак 2017-жылы Австралияда түптөлгөн. Максаты — дүйнөдөгү мыкты сүрөттөрдү аныктоо.
Быйыл Гран-прини италиялык Фабио Мирулла алды. Колуктунун түстүү эмес, ак жана кара өңдө тартылган, жарык бергич менен денеси жабылган сүрөтү бул категориядагы мыкты эмгек деп бааланды.
Sputnik Кыргызстан конкурска катышып, байгеге илинген сүрөттөрдүн ичинен бир нечесин тандап, окурмандарга сунуштады.
 
1 / 11
Сынактагы Гран-при ээси италиялык Фабио Мирулла жиберген сүрөттү тартып жатканда өзү да таасирленгендигин айткан. Турмушка чыгар алдында сулууланып жаткан селкинин өзгөчө ыкма менен тартылган сүрөтү көптөрдү кайдыгер калтырбайт
2 / 11
Канадалык фотограф Эндю Павлидистин бул сүрөттү тартууга көп эмгек жумшаганы көрүнүп турат. Бул түгөйлөр 3000 метр бийиктикте, тоолордун башында баш кошкон
3 / 11
Америкалык Кен Пак түгөйлөрдүн көлөкөсүн чатырдын сыртынан тартып алган. Күн батып бара жатканда Пак "кармап алган" ирмемдер ага байге алып берген
4 / 11
Шри-Ланкадагы үйлөнүү салтанатына бара жаткандардын кадимки эле көрүнүшү. Бирок сүрөттү үңүлүп карай келгенде анын өзгөчөлүгүн байкоого болот. Автор Харша Мадуранга Джаясекара
5 / 11
Бул сүрөттөгү түгөйлөр кинонун эпизоддорун элестетет. Фотограф Мика Паника жамгыр жаап туруп алгандыктан колуктунун маанайы бузулгандыгын, бирок сүрөтчү баары бир көңүл көтөргөн кооз жерди тапкандыгын айтып берген
6 / 11
Түштүк Африкадан жиберилген сүрөт. Фотограф Руан Ределингуйс бул эмгегин тоо тарапта, туман каптап турган учурда жасалган эң сонун кадр деп эсептерин айткан
7 / 11
Жаңы зеландиялык Майкл Кук колуктунун болочоктогу күйөөсү менен жолугар алдында элдик каада-салттан "өтүп" жаткан учурун тартып алган
8 / 11
Исландиялык Наталья Микалайчик "Түгөйлөрдүн портрети" номинациясында жеңүүчү болгон. Жээк, жаштардын ары жагында түрүлүп келе жаткан ири толкун жана шамал учурган колуктунун жакшынакай көйнөгү
9 / 11
Жашоо деген дал ушундай эбегейсиз нерсе. Ал эми чоң турмушка аттанган бул жигит менен кыз алгач, береги сүрөттөгүдөй коомдун кичинекей гана бөлүкчөсү. Эгерде ааламды багындырам десе, баары алардын колунда. Автор — америкалык Сергей Лапковски
10 / 11
Жүрөктү элжиреткен сүрөт! Үйлөнүү салтанатына келген чоң коноктордун — сүйкүмдүү бөбөктөрдүн отурган учуру. Автор — австралиялык Крис Желлард
11 / 11
Эки жаш. Дагы бир сонун эмгектердин бирин франциялык Гаэль Мехют тарткан