Маалыматтар келбей... Telegram байланышында көйгөй жаралды

Downdetector сайты дүйнөдөгү көп мамлекеттердин интернет-колдонуучулары Telegram иштебей жатканын айтып даттанганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Telegram колдонуучулары сервистин иши начарлап, кээде токтоп калгандыгын айтышкан. Бул боюнча интернет-ресурстардын кандай иштеп жатканына байкоо салып турган Downdetector сайты маалымдаган.
Facebook, Instagram, WhatsApp дүйнөнүн көп өлкөсүндө, Кыргызстанда да иштебей калды
Мындай көйгөйгө Россия, Украина, Польша, Германия баштаган бир нече өлкөлөрдүн интернет колдонуучулары туш болгон.
Telegram – билдирүү жана бир нече медиа файл форматында өз ара кабарлашып, маалымат алмаша турган мессенжер. Долбоор 2013-жылы "ВКонтакте" социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров тарабынан түзүлгөн.