Шаар тазарат! Таштандыны чогултуп, сактоо боюнча мэриянын өзгөчө долбоору

Мамлекеттик сатып алуулар порталына долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланган. Арыздар 17-декабрь саат 14:00гө чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы таштандыны жер алдына чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоор баштап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек мэриясы таштандыны жер алдына чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоор баштап жатат
Мамлекеттик сатып алуулар порталына долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланган. Арыздар 17-декабрь саат 14:00гө чейин кабыл алынат.
"Мындай иштер "Бишкектеги таштандыны чыгаруу башкармалыгынын системасын жакшыртуу" боюнча долбоордун алкагында жасалууда. Аны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Заманбап технологиялар таштандыны чогултуп, сактоо боюнча жаңы системаны киргизүүгө жардам берет. Мындай жол менен Бишкектин көчөлөрү тазарат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор ишке ашса, таштанды челектердин айланасы таза жана иреттүү болуп, шаардыктарга жагымдуу шарт түзүлөрү кошумчаланды.