БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Рафаэль Физиев Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 199 турниринде атаандашы Брэд Ридделлди жыга тээп, жеңишке жетти.
Беттешке чейин Ридделл UFC жеңил салмагы менен 12-орунда, ал эми Физиев 13-орунда турган.
Таймаштын үчүнчү раундуна чейин алар теңме-тең кармашып келе жаткан. Беттештин бүтөрүнө 2,5 мүнөттөй калганда Физиев айланып келип Ридделлди башка тепкенде ал жыгылган. Видеодон анын кашы да жарылып кеткенин көрүүгө болот. Калыс шашкан тейде таймашты токтоткон.
Ошентип Физиев акыркы беттештеринде бир дагы жолу утулбай, бешинчи ирет жеңди. Ал эми Ридделл UFC кармашында биринчи ирет жеңилүү ызасын тартты.
Беттеш аяктагандан кийин алып баруучу Физиев ыкмалары менен элди ар дайым таңгалдырып келет деген пикирин айткан. Эске салсак, мушкер UFC аренасындагы дебютун 2019-жылы жасаган. Карьерасынын башкы этаптарында ал "Матрица" киносундагы трюктарды элестеткен ыкмаларды жасап, эсте калган.