Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг биринчи ирет мамлекеттик бийликке карата "россиялык режим" деген терминди пайдаланды. Россиялык чек араларга өтө эле жакын Эстонияда Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасстын танк менен келиши бул окуяны ого бетер жанданткандай болду. Жоокердик сүр көрсөтүү менен Россиянын "агрессивдүү ниетине" каршы турууга даяр экени боюнча кандайдыр бир белги бергиси келгенин да жашырган жок. Түндүк атлантикалык альянстын акыркы аракеттерин талдаган Владимир Корниловдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.
РФтен Сергей Лавров кайсы бир мамлекеттин чек арасына жакын ушинтип келсе, батыш маалымат каражаттарында кандай кампания башталарын бир саамга элестетип көрүңүзчү. Ригада Түндүк атлантикалык альянска мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер мекемелеринин башчылары Россиянын дарегине карата агрессивдүү риторикада өз ара мелдешке түшкөндөй болушту.
"Россиялык күчтөрдүн топтолушу" тууралуу Ригада сөз алган ТИМ башчыларынын баары бир ооздон айтып чыкты. Айрыкча Столтенберг жалындуу сөз сүйлөдү. Лавров белгилегендей, НАТОнун башкы катчысы ушул тапта "Батыштагы чечен жана негизги аракеттеги киши". Ошондой эле россиялык министр бул инсан Норвегиянын өкмөтүн жетектеп турганда кыйла акылгөй саясатчы болгонун эске салып, бирок азыр аны чектен чыккан агрессияга аргасыз кылып жатканына кейиди.
Столтенбергдин "Германиядан чыгышка карай" өзөктүк ракеталар жайгаштырылган болушу мүмкүн деген билдирүүсү – буга айкын далил. Болжолдуу "кызыл чийинден" чыгып, ал түгүл эл аралык келишимдерди бузса да, россиялык дипломаттар андай ыкмага жол берилбей турганына көңүл бурганга дейре негизги дүйнөлүк маалымат каражаттары үчүн бул кадыресе билдирүүдөй көз жаздымда калды. Бирок Беларусь президенти Александр Лукашенконун маегинде россиялык өзөктүк ракеталарды өз өлкөсүндө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтканына Батыш дароо реакция жасады.
Ал эми НАТО башкы катчысынын сөзүндөгү кооптуу белгилерге Батыштын бир дагы журналисти көңүл буруп койгон жок. Болбосо, эң күчтүү аскердик блоктун башчысынын сөзүндөгү мындай карама-каршылыктар оор кесепеттерге тушуктурушу ыктымал. Анан да НАТОнун башкы катчысынын ыйгарым укуктары өтө чектелүү, кызмат иш жүзүндө абдан салтанаттуу. Бирок акыры анын кол алдында кандайдыр бир аскердик инфраструктура бар. Ал эми министрлердин да жыйындарга танк менен келиши жосунсуз жорук.
Ошол эле Киевдеги Британия элчиси Мелинда Симмонс англиялык Mirror газетасындагы Лондон "кокус Россия менен согуш тутанып кетсе" Украинага 600 спецназ жиберери тууралуу "маалыматты" четке какты. Болбосо Киев бул "кабарды" катуу талкуулап, кубаныч менен кайталашкан.
Ошону менен бирге эле Столтенберг НАТОго Украина менен Грузиянын кабыл алынышы мүмкүн экенин улам кайталап келет. Башкача айтканда, НАТОго мүчө өлкөлөр Россиядан аскердик инфраструктурасын чек арага жакын аймактардан алыс жайгаштырууну дайым талап кылат, ал эми Москва аларга ушундай талапты койгондо кулак жапырышат.
Ригада Столтенберг: "Өз таасир чөйрөсүн орнотууга Россиянын акысы жок", – деп кескин түрдө билдирди. Ал эми Вашингтон бүтүндөй Түштүк Америка анын "таасир зонасы" экенин жар салып, "Монро доктринасын" ачыктаганда эмнегедир Түндүк атлантикалык альянс дым деген эмес.
Жакында россиялык министр Сергей Лавров Европа биримдигинин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррелдин Африка Европанын таасиринде экенин айткан сөзүн келтирет. Анда да Столтенберг тарабынан эч кандай каршылык көрсөтүлгөн эмес.
Москва Украинанын НАТОго кабыл алынышы жана бул блоктун аскердик инфраструктурасынын россиялык чек араларга жакындашы буга дейре эскертилген "кызыл чийин" болуп саналат. Мында кеп Батыш менен Украинанын ортосундагы өз ара алакада гана эмес, Россиянын коопсуздугунда.
Бул аптада Владимир Путин Батышка "белгилүү бир макулдашууларды иштеп чыгуу" үчүн "предметтик сүйлөшүүлөрдү" баштоону сунуштады. Ошол эле учурда альянстын оозеки убадалары РФтин көңүлүн жайгарбайт. Анткени кезегинде Михаил Горбачев жана Борис Ельцинге берилген "кепилдиктер" дале унутула элек. Блоктун башкы катчысы өзөктүк ракеталар туурасындагы өзүнүн сөздөрүн бир нече күн өптөй унутуп калып жатканда НАТОнун кайсы кепилдиктеринен кеп кылууга болсун?!
Ошол себептен азыр Москва кылдаттык менен "кызыл чийинди" сызуу менен келишимдердеги милдеттенмелердин юридикалык тарабына басым жасайт. Эгер андагы эрежелер бузула турган болсо, жооп кайтарылары турулуу иш. Бирок Россияга каршы акылга сыйгыс маанайдагы жамааттык Батыш конструктивдүү диалогго жөндөмдүү экенин элестетүү кыйын.
Кандай болгон күндө да Польша же Прибалтикада өзөктүк ракеталарды жайгаштыруу демилгесине карата Столтенбергдин ыкмасын Лукашенконун бир маеги өзгөртө алды. Эгер улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туулса, Россия катуу чара көрүшү мүмкүн. Кантсе да РФтин башка континенттерде да союздаштары бар. Андыктан НАТО Никарагуа, Венесуэла же Кубанын президенттеринин "соолуктура турган" маектерин күтпөй деле койгону жакшы эмеспи.