Үрөйү учкан индонезиялыктардын вулкандан качып бараткан видеосу

Жанар тоо кечээ, 4-декабрда, түш ченде атылып баштаган. Анын көккө, 35 чакырым бийиктикке сапырылган күлү Чыгыш Ява провинциясындагы кырсыкка жакын айылдарды каптаган. Жүрөктүн үшүн алган көрүнүштөн кыштактардагы эл дүрбөлөңгө түшүп качкан.
Sputnik
РИА Новости Youtube каналына Индонезиядагы ойгонгон вулканды жана ызы-чууга түшүп качып бара жаткандардын видеосун жарыялады.
"Известия" басылмасы жаратылыштын бул кубулушунун кесепетинен 13 адам каза таап, 98 адам жаракат алып жана бир тобу белгисиз болуп жаткан маалыматты жарыялады.
Дүйнөнү от каптагандай. Ла-Пальма аралындагы жанар тоонун кооптуу видеосу
Адамдардын көбү күйүк алганы жана азырынча 35 киши ооруканага жаткырылганы маалым болду. Жаратылыш кырсыгы каптаган аймактан миңге чукул адам эвакуацияланган. Жанар тоо ал жердин инфраструктурасына да зыянын тийгизген. Стратегиялык маанидеги көпүрө бузулуп, бир нече имараттар талкаланган. Куткаруучулар тоонун этегинде, жанар тоонун барымтасында калган 10 жаранды аман-эсен алып чыгышкан.
Бийиктиги 3600 метр болгон Семеру жанар тоосу Индонезиядагы ойгоо жаткан 130 вулкандын бири экендиги айтылды.