Атактуу төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленди. Сүрөттөр

Иш-чара төкмө акындын өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган даректүү тасма менен башталып, Турсуналиев өзү түзүп кеткен "Эл ырчысы Эстебес" тобунун атайын даярдалган программасы менен ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкекте атактуу төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 6
Бишкекте атактуу төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди
2 / 6
Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомдук, маданий ишмерлер катышкан
3 / 6
Иш-чара төкмө акындын өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган даректүү тасма менен башталып, Турсуналиев өзү түзүп кеткен "Эл ырчысы Эстебес" тобунун атайын даярдалган программасы менен ачылды
4 / 6
Анда Эстебес Турсуналиевдин кыргыздын салттуу музыкасына кошкон салымы жогору бааланып, акындын басып өткөн жолу өсүп келе жаткан маданият өкүлдөрү үчүн өрнөк жана сабак болору белгиленди
5 / 6
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган
6 / 6
Ал филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөрдү айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм", "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган.
Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомдук, маданий ишмерлер катышкан.
"Иш-чара төкмө акындын өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган даректүү тасма менен башталып, Турсуналиев өзү түзүп кеткен "Эл ырчысы Эстебес" тобунун атайын даярдалган программасы менен ачылды. Анда Эстебес Турсуналиевдин кыргыздын салттуу музыкасына кошкон салымы жогору бааланып, акындын басып өткөн жолу өсүп келе жаткан маданият өкүлдөрү үчүн өрнөк жана сабак болору белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Эл ырчысы Эстебес Турсуналиев 90 жашка чыкмак. Акындын сүрөттөгү элеси
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Ал филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөрдү айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм", "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган.
Ага "Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору" деген наам ыйгарылган. "Ардак белгиси" ордени, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Жубайы Райкүл Деркембаева экөө алты уул, эки кызды тарбиялаган. Балдары да чыгармачылыкка жакын. Төкмө акын 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.