БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Таласта +5...+10 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарында -4...+1 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада +6...+8, Ошто +11...+13 градуска чейин жетет.