Disney каармандары кантип "казакташа" баштады. Кызыктуу сүрөттөр

Казакстанда адаттагыдан башка сынак өтүп жатат. Ал — анимациялык фильмдердин Disney студиясынын эпизодуна иллюстрация түзүп же каармандарын казак улутуна тиешелүү өзгөчөлүк менен жасап чыгуу тапшырмасы.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Казакстанда анимациялык фильмдерди жараткан Disney студиясынын каармандарын казак улутуна тиешелүү өзгөчөлүктөрү же улуттук кийимдер менен элдин назарына коюп, тагыраагы, сүрөттөрүн жарыялап жатышат.
Бул персонаждар "Болашак" корпорациялык фондунун сынагынын алкагында жарыяланганын Sputnik Казакстан жазды.
Фонддун Instagram аккаунтунда сынак "Өзіңнен баста" (фильмдерди казакча дубляж кылуу) долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатканы айтылган. Жыйынтыгы жакынкы аралыкта чыга турганы да жазылган.
Конкурстун шарты боюнча эпизоддун иллюстрациясын түзүп же Disney тарткан мультфильмдин каармандарынын ичинен каалаганын казак улуттук стилинде тартып чыгышы керек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от АНАСТАСИЯ (@stesha_arty)
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от Көркем сөзді көркем сурет♡ (@suluart)
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от Куә бол. (@stzhnv.a)
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от @fleks.im
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от ART • ANIME • KPOP • MOVIES (@ayabyjane)
Андан сырткары, "Коко сыры", "Муздак жүрөк", "Геракл" жана башка фильмдердин да каармандары казак өңүн, кийимин алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от pulp art (@pulp_art_90s)
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от ЕвгенийТитовской (@e_titovskoy)
10-декабрда уюштуруучулар мыкты 10 иллюстрацияны тандап, добушка коюуга ниеттенип жатат. Жазылуучулар акчалай байгени ала турган үч эмгекти аныкташмакчы.