БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Беларустун чек арачылары мамлекеттик чек араны бузгандарга карата катуу жооп кайтарарын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Эгер мамлекеттик чек араны бузган учур дагы катталса Беларустун чек арачылары катуу чара көрөт", — деди Мозырь чек ара отрядынын өкүлү Сергей Павлов.
Кечээ күнү Беларустун Мамлекеттик чек ара комитети украиналык учкучтарды республиканын аба майданын бузууга айыптаган. Маалыматка караганда, алар Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак менен 100 метрдей бийиктикте машыгуу учурунда Беларустун чек арасына кирип, бир чакырымга чейинки тереңдикке кирген. Украинанын чек арачылары болсо бул маалыматты төгүндөдү.
Жекшемби күнү, 5-декабрда, Беларустун Коргоо министрлиги Украинанын аскер атташесин чакырып, окуя боюнча каршылыгын билдирди. Ведомство Украина "аймактык ишеним менен коопсуздуктун" алкагындагы милдеттерин аткарбай койгону боюнча фактыларды келтирген. Ошондой эле Беларуска карата жүргүзүлүп жаткан айыптоолордун фонунда өлкөнүн аймагына жакын жерде машыгуулардын өтүп жатышын Минск түштүктүн коопсуздугуна коркунуч катары сыпаттады.