БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептөө дээрлик соңуна чыгып калды. Учурда протоколдордун 99,96 пайызы саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, протоколдорду колго эсептөө АСУнун маалыматтарынан бир аз айырмаланат. Таблицада көрүнүп тургандай, кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында дээрлик бардык партиялардын алган добуштары бир аз болсо да көбөйгөн.
Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы автоматтык түрдө эсептеген урнанын маалыматтары менен кандай айырмаланат
Акыркы маалыматтар боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Депутаттык мандаттар төмөнкүчө бөлүндү:
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган.