БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Эреже бузуулар боюнча кодекске ылайык, эми жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуга 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу Бишкек боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан кабарлашты.
Эске салсак, Эреже бузуулар, Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык жаңы кодекстер 1-декабрдан баштап күчүнө кирген. Эреже бузуулар кодексинин 192-беренесине (“Жолдо жүрүүнүн башка эрежелерин бузуу”) 4-пункт жаңы киргизилди.
Ага ылайык эгер жол кырсыгына катыштыгы бар (сөзсүз эле күнөөлүү тарап эмес) айдоочу кырсык болгон жерден кетип калса, 10 миң сом айып пулга жыгылат. Мында кеп кылмыш жоопкерчилиги каралган жосундар тууралуу болуп жатат.
Кайгуул милициясынан билддиришкендей, айып пулдан автоунаасы камсыздандырылган жарандар (автоунаа талкаланып калса) бошотулат.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепети оор болсо мурдагыдай эле жоопкерчиликтер каралган. Мындай учурда күнөөлүү тарап 20 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Атургай айрымдар эркинен ажыратылып, бир нече жыл кайсы бир кызматтарды аркалай албай калат.