БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык мекемелердеги балдарга күнүнө бөлүнгөн 110 сом аз экенин билдирди.
Кечээ өлкө башчы Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барган.
Жапаров тамак-аштын рациону менен таанышып, буга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеген.
"Күнүмдүк рацион балдардын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана иммунитетине таасир этет. Бизге аларды ар түрдүү, пайдалуу жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо зарыл" — деди ал.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республиканын социалдык стационардык мекемелериндеги балдардын тамак-ашына бир күндүк чыгымдын ченеми бир адамга 110 сомду түзөрүн билдирген.
"Садыр Жапаров учурда бөлүнүп жаткан сумма балдардын жана чоңдордун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга зарыл болгон табигый тамактануу ченемдерине жооп бербей турганын белгиледи", — деп жазылган маалыматта.
Буга байланыштуу Жапаров Базарбаевге өлкөнүн бардык социалдык мекемелеринде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсеге көтөрүү боюнча министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгууну тапшырган. Ошондой эле аталган социалдык стационардык мекемеге финансылык колдоо иретинде 500 миң сомдук сертификат тапшырылган.