БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. NASA 11-декабрда Жерге 4660 Nereus астероиди жакындай турганын болжолдоп жатканын "Известия" жазды.
NASA астероид биздин планета үчүн бир топ кооптуулук жаратарын айткан. Эксперттердин маалыматы боюнча, бул объект Күндү 664 күндө толук айланып чыгат. Окумуштуулар ал жакка космостук миссия жөнөтүүнү бир нече жолу сунушташкан.
Кооптуу астрономиялык объект деп адатта көлөмү да, зыяны да чоң астероиддерди айтышат.