Москвада ок жеген кыргызстандык таксист: шектүү эки айга камалды

Маалыматка караганда, аткан киши окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок полиция аны колго түшүрдү. Жергиликтүү ЖМКлар ал мурда дагы соттолгонун жазууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Москвада кыргызстандык таксистке ок чыгарган айдоочу 3-февралга чейин камакка алынды. Бул тууралуу RT кабарлады.
Мындай чечим бүгүн кабыл алынган.
Бишкек: ок чыгарган уландын ГБРде иштээри аныкталып, тапанчасын тапшырды
Окуя Чоң Грузин көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, таксист оң тарапта авариялык жарыкты жандырып турган. Ал жүргүнчүнү күтүп турушу мүмкүн экени айтылууда. Ал эми Cadillac Escalade унаасынын айдоочусу өтө албай калган. Мындан улам экөө айтыша кеткен. Натыйжада жолтандабастын айдоочусу тапанча менен таксистти көздөй бир нече ирет ок чыгарган.
Жабырлануучу 23 жаштагы Алманбет Абдрахманов учурда ооруканада.
Маалыматка караганда, аткан киши окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок полиция аны колго түшүрдү.
РЕН ТВ телеканалынын маалыматына караганда, жолтандабастын айдоочусу Дмитрий Махалов мурда соттолгон. 2009-жылы ал уурулук боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон. Ага чейин эки жыл мурда мушташып жатып, каршылашын отвертканын формасындагы брелок менен төшкө сайганы айтылууда.