Кегетидеги Көл-Төргө чыккан кореялык турист көз жумду

Чет өлкөлүк туристтин эс-учун жоготуп жыгылганы боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй районундагы Кегети капчыгайынын жогору жагында жайгашкан Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматта чет элдик турист 70 жашта экени айтылат. Анын белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп жыгылганы тууралуу кабар ӨКМдин 112 кызматына саат 13.22лер чамасында түшкөн.
Жерине тартылган Токмок шаарынын төрт куткаруучусу сөөктү түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.