Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек. Кардиологдун кеңеши

Дарыгер жүрөк оорудан улам кишинин абалы начарлаганда өз учурунда, туура аракеттерди көрүү зарыл экенин айтты. Маселен, андайда көп кыймылдап жана ойлонуу да ашыкча болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жүрөгүм кармап калбасын деп кооптонгондор эмнелерди эске алышы керектигин дарыгер-кардиолог, медицина илимдеринин доктору Кирилл Куликов "Доктор Питер" медициналык сайтына айтып берди.
Адистин билдиргенине караганда, биринчиден, жүрөктүн кармап калышына жеткирбөө керек, экинчиден, жүрөк оорудан улам жалпы абал начарлаганда бейтап туура аракеттерди көрүүсү зор мааниге ээ.
"Жүрөк кармап калат деген шектенүү жаралганда ооруну сездирбөөчү дарыларды колдонбоңуздар. Мындай учурда көп кыймылдап жана ойлонуу да ашыктык кылат. Ошондой эле жагымсыз симптомдор болуп жатса "оору өтүп кетет же жата турайын" деген да болбойт. Убакытты кетирбей Тез жардам кызматын чакыруу керек", — деген дарыгер.
Жүрөк кармашын кантип байкаса болорун да айтып берген:
Адис бул симптомдор адам өтө көп кыймылдаганда, кээде тынч турганда деле болушу мүмкүндүгүн айткан.